00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Медиация как способ не доводить дело до суда. Как это работает в КР?
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Максим Бакиев менен Белоконь башында турган топко соттун өкүмү чыкты

© AP Photo / Sultan DosaliyevКачкын президент Курманбек бакиевдин уулу Максим Бакиев. Архив
Качкын президент Курманбек бакиевдин уулу Максим Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи май райондук соту Максим Бакиев жана дагы жети кишиге карата өкүм чыгарды.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Борбор калаанын Биринчи Май райондук сотунда 12-май күнү Максим Бакиев, Валерий Белоконь, Евгений Вербицкий, Анита Лас, Сергей Костырин, Юрий Качнов, Марат Алапаев жана Чолпон Иманалиева сыртынан соттолду. Бул туурасында Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Өкүмгө ылайык, Максим Бакиев өмүр бою эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн режимдеги колонияда жаза өтөп, үй мүлкүн камакка алуу менен беш миң сом айып төлөөгө милдеттендирилип, үч жыл бою мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылды.

Валерий Белоконь 20 жылга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн режимдеги колонияда жаза өтөп, үй мүлкү камакка алынып, үч жыл бою банк тармактарында иштөөсүнө чектөө киргизилди.

Тюльпановая революция в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы жоогазын ыңкылабына 12 жыл. Тарыхты эске салган сүрөт-ирмемдер
Евгений Вербицкий, Анита Лас, Сергей Костырин жана Юрий Качновдор 20 жылга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн режимдеги колонияда жаза өтөө өкүмү чыгып, үй мүлкү камакка алынды.

Марат Алапаев 25 жылга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн режимдеги колонияда жаза өтөп жана үй мүлкүн камакка алуу менен үч жыл бою мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылды.

Чолпон Иманалиева 7 жылга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн режимдеги колонияда жаза мөөнөтүн өтөп, үй мүлкү камакка алынды.

Мындан тышкары, "Манас Банк" ЖЧКсына тиешелүү имарат мамлекеттин эсебине алынат.

Өкүмдүн үстүнөн Бишкек шаардык сотуна 22-апрелге чейин даттанууга болот.

"Манас Банк" ЖАК 2007-жылы түзүлүп, Максим Бакиевдин жакын досу жана өнөктөшү деп саналган латвиялык ишкер Валерий Белакондун ээлигинде болчу. 2010-жылдын апрелде Убактылуу өкмөт банкка тышкы башкаруу киргизип, улутташтырылган мүлк деп тааныган. Валерий Белоконь өкмөттү сотко берип, 16,5 миллион доллар компенсация талап кылган. Онтарионун Жогорку соту Белоконьдун доо арызынын негизинде Кыргызстандын Centerra Gold Inc. компаниясындагы 20,5 миллион долларлык 6,5 миллион акциясын камакка алып, июнь айында ошол эле сот акция пакетин камактан бошоткон.

Жаңылыктар түрмөгү
0