Ал — Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет бийлик күч менен алмашып, биринчи ирет президент өлкөдөн качып чыгып кеткен окуя болгон. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда жасалган ыңкылап биздин аймакка кызыккандардын көбүн таңгалдырса, бир катарларын кооптондурган. Ал кезде "жоогазын толкуну" туптуура беш жылдан кийин кайталанат деп эч кимдин оюна келбеген чыгар.
Милиция кызматкерлери Бишкектин борборунда оппозиция өкүлдөрүн кармап жаткан учуру. 2005-жыл, 23-март, түшкө маал. Ушул кадам отко май тамызгандай болду окшойт... Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилиши
Оппозициячылар митинг учурунда. Бир тутам нарцисс гүлүн кайсы атактуу саясатчы аял кармап турганы белгисиз бойдон калыптыр. Жардаган эл, жадыраган март...
"Ала-Тоо" аянтындагы башкача бир сүрөт. Бир нече метрден кийин Ак үй, жерде ыргытылган таштар. Артта темир калкандарга далдаланган аскерлер. Көгүш түстүү көйнөк кийген аял. Колунда... блокнот
Ошол кездеги оппозициянын өкүлү Курманбек Бакиев борбордук аянттагы митинг учурунда. Бул киши президент болот, андан соң өлкөдөн качып чыгып кетет, жүздөгөн адамдар каза табат деген ой ошол мүнөттөрдө эч кимдин оюна келбеген чыгар...
2005-жылдын 24-мартындагы ыңкылапта Ак үйдүн айланасында митингге чыккандар милиция кызматкерлерин аёосуз сабап салган учурлар кездешкен. Бул сүрөт ошол фактылардын бири
24-март, кечке жуук. Ак үйдүн арты жагында өрттөлгөн автоунаалардын бири. Бул мезгилдери Акаевдин бийлиги учурунда жогорку кызматта турган бир нече аткаминерлер катуу сабалып, унаасы өрттөлгөн
Ыңкылаптын түнүндө талоонго алынган соода жайлардын бири — Beta Stores соода борбору. Элдик кошуундун мүчөсү колундагы тапанчасы менен мародерлорду кууганга аракет кылган учуру. 2005-жыл, 25-март
Ак үй алынды, таланды, талкаланды. Аны кайтарган элдик кошуун эшиктин алдына жүрөт. Ал эми муниципалдык кызматтын ишчилери талкаланган буюмдардын, тытылган кагаздардын калдыктарын, таштандыларды шыпырып жатат