Ата-бабалар илим-техника өнүгө элек заманда эле жаратылышка аяр мамиле жасоону жакшы билип, кайып дүйнө күчтөрүн эске ала жүргөн. Ушул жана башка кыргызчылыктын сырлары тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына салттуу илим изилдөөчү Чынара Сейдакматова маек курду.
— Кыргызчылык дегенди ар ким ар кандай айтып жүрөт. Салттуу илим изилдөөчү катары айтсаңыз кыргызчылык дегендин өзү эмне?
— Кыргыздын салттуу маданиятынын сырдуу катмарларын кыргызчылык деп эсептесе болот. Сырдуу катмар кайып дүйнө менен аралашкан түшүнүк. Кыргыз бир буту менен кайып дүйнөдө жашап, өзгөчө берилген табыпчылык, умайчылык, олуялык сыяктуу касиеттерге ээ болгон. Булардын баары атайын илимди изилдеп окуган эмес, аларда болгону Жараткандан берилген касиет болот.
— Мындай касиеттер бардык эле адамдарга бериле бербесе керек?
Ал эми бакшылар адамдарга көрүнбөгөн, бирок аны колдогон кайып дүйнөнүн күчтөрү менен мамиле түзө алышат.
Жайчы дегени — табият менен "сүйлөшкөн" адам, кургакчылык болуп же күндүн көзү ачылбай жатканда жаратылыштын тилин таба алат.
Олуя мындай касиетке ээ адамдардын эң башында турат. Булардын келечекти алдын ала айтуу жөндөмдүүлүгү абдан күчтүү. Мисалга Калыгул олуяны айтсак болот.
— Бакшы адамдардын колдоочулары менен сүйлөшө алат деп калдыңыз, ар бир адамдын колдоочусу болобу?
Менин таенем сууну көп агызып, шалкылдатып төксөң "убал болот, суу да жандуу, кор кылба, сууга жетпей каласың!" деп урушчу. Ошол сыяктуу чоң ата, чоң энелерибиз ысырапчылык, текеберлик деген нерселерден алыс болууга аракет кылчу. Мунун баары — кыргызчылык. Айрымдары кыргызчылык десе эле терс мааниде кабыл алат, бирок андай эмес, кыргызчылыкта чоң философия жатат.
— Бизде бүгүнкү күнгө чейин "аны кылба, муну кылба, болбойт, жаман болот" деген тыюу, ырым-жырымдар бар. Булар дагы элибиздин өзгөчөлүгү болсо керек?
— Кыргыздын ар бир тыюу, ырым-жырымынын артында чоң маани жатат. Алардын чындап болбой турганын илим эми гана изилдей баштады. Мисалы "караңгыда тырмак алба" деген сөз бар. Көрсө сөөк, чач маалымат алып жүрүүчү болуп саналат экен. Ал өзүнө адамдын маалыматын сактайт. Аны караңгыда ар кайсы жерге таштап койсо, көзгө көрүнбөгөн жаман нерселер менен илешип, жамандык алып келет.
Жамандык болгон жерге аялдар сөзсүз жоолукчан, эркектер баш кийимчен барышы керек деген тыюу бар. Мунун себеби күйүткө батып турган үйгө барганда чач маалымат сактоочу катары дароо жамандыкты өзүнө тартып алат. Бул дагы жаман белги болгон. Ошондуктан "жоолук салынып баргыла" деп бекеринен айтылып калган эмес. Мындай тыюулардын баары адамды терс энергиядан сактайт.
— Илгеркилер бул нерселердин баарын кайдан, кантип билишкен?
— Бул мен үчүн дагы чоң сыр. Сабаты жоюла электе ата-бабалар билген нерсени азыр торсиондук физика илими иликтеп жатат. Мисалы, сууну илимпоздор маалымат сактаган зат экен деп эми айтып жатышат. Мындай карасак, кыргыздар сууну башынан эле ыйык көрүп, ырым-жырымдардын көбүндө суу колдонулуп келген. Мисалы, азыркы күндө эле апалар кокустан баласы же үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири ооруканага жатып чыгып келсе сөзсүз башынан суу айлантып, аны алыс төгүп, идишти ирегеге көмкөрүп коет. Себеби оору, жаман нерселерди суу алып кетет деп эсептелет да, жакындары үйгө таза кирген.
— Кайып дүйнө сырларына мазар сыяктуу ыйык жерлер да кошулабы?
— Ыйык жерлердин да ээси болот деп айтып жүрөсүз. Ошолор тууралуу айтып берсеңиз.
— Ар бир нерсенин колдоочусу, пири болот дегендей эле ыйык жердин да ээси болот. Мындай жайларда адамдар туура эмес иш кылса, кайып дүйнөнүн көрүнбөгөн күчтөрү акыры жүрүп бир нерсеге кабылтат. Ал тургай үйдүн да ээси болот. Булар дагы үйдө жаман нерселер көп болсо белги берип турушат.
Биздин ата-бабалар ар дайым кайып дүйнө күчтөрү менен эсептешип, табиятка да таттуу мамиле жасай билген. Мындан улам кыргызчылыкты терс мааниде, башкача өңүттө түшүнүүгө болбойт. Кыргыз илгери эле билип койгон нерселер илимде эми изилдене баштады. Бирок бардык динде бул нерсеге тыюу салынган.