https://sputnik.kg/20260226/1099964306.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кезектеги акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Учурда бөйрөктүн өнөкөт оорусунун 5-стадиясы менен... 26.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-26T19:00+0600
2026-02-26T19:00+0600
2026-02-26T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/02/1a/1099964140_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_60acf441409240808f047c910ca57895.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кезектеги акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Учурда бөйрөктүн өнөкөт оорусунун 5-стадиясы менен жабыркаган 200гө жакын бейтап трансплантациялоо үчүн кезекте турат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, операция 2018-жылдан бери программалык гемодиализ алып келген 1981-жылы туулган бейтапка жасалды. Ага 1978-жылы туулган бир тууган агасы донор болду. Бейтаптардын абалы туруктуу, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бөйрөк алмаштыруу операциялары 2018-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Ошондон бери борбордо жалпы 81 операция жасалса, анын 38и акысыз ишке ашырылган.
Бүгүн "Жаштык" аренада Кыргызстан жаштар кыймылынын кеңсесинин салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бишкек мэриясы жаштар саясатын өнүктүрүү жана жаш лидерлердин демилгелерин колдоо максатында заманбап иш алып баруучу жаңы жай бөлүп берди. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов жана парламент депутаттары катышты. Калаа башчысы Айбек Жунушалиев куттуктоо сөзүндө бул кадам жаштардын потенциалын ачууга чоң өбөлгө болорун белгиледи. **Киев бийлигинин майдандагы иштери канчалык начарлаган сайын алардын россиялык жай жарандарга болгон чабуулдары ошончолук көп болууда. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды. "Россия сегодня" маалымат борборунда Украинанын неонацисттеринин кылмыштары боюнча Эл аралык коомдук трибунал "Киев бийлигинин кары-картаңдар боюнча жасага нкылмыштары" деп аталган баяндамасын жасады. Дипломат аталган бийликтин улгайгандарга жасаган кылмыштары эми россиялык тартип сакчылары, укук коргоочулар менен эл аралык алкакта талкуулана турган иштерден экендигин айтты.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украинага насыя берүүгө макулдук бербей Евробиримдиктин ичинде тереңге кетчү кризис жаратканын Politico басылмасы жазды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. "Өткөн жумада Орбан Киевди колдоо планына каршы чыгып, акыркы жылдары боло элек чоң каатчылыкты шарттады", — деп айтылат макалада. Белгилей кетсек, январдын соңунда Венгрия менен Словакия Украина транзитти токтотуп салгандыктан "Дружба" түтүгү аркылуу газ ала албай калышкан. Түтүк Альметьевскиден башталып, Брянскиден өтөт да, түндүк жана түштүк тарапка тарайт. ЖМКлардын маалыматы боюнча, Киев режими объектилер "россиялык чабуулдан" улам бузулган деген шылтоо менен түтүктүн ишин жандандыра элек. Буга жооп кылып Будапешт ЕБдин кезектеги антироссиялык санкциялар пакети менен Украинага бөлө турган 90 миллиард евролук насыяны бөгөттөп, дизель экспортун токтотту.
Бүгүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кезектеги акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Учурда бөйрөктүн өнөкөт оорусунун 5-стадиясы менен жабыркаган 200гө жакын бейтап трансплантациялоо үчүн кезекте турат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, операция 2018-жылдан бери программалык гемодиализ алып келген 1981-жылы туулган бейтапка жасалды. Ага 1978-жылы туулган бир тууган агасы донор болду. Бейтаптардын абалы туруктуу, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бөйрөк алмаштыруу операциялары 2018-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Ошондон бери борбордо жалпы 81 операция жасалса, анын 38и акысыз ишке ашырылган. Бүгүн "Жаштык" аренада Кыргызстан жаштар кыймылынын кеңсесинин салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бишкек мэриясы жаштар саясатын өнүктүрүү жана жаш лидерлердин демилгелерин колдоо максатында заманбап иш алып баруучу жаңы жай бөлүп берди. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов жана парламент депутаттары катышты. Калаа башчысы Айбек Жунушалиев куттуктоо сөзүндө бул кадам жаштардын потенциалын ачууга чоң өбөлгө болорун белгиледи. **Киев бийлигинин майдандагы иштери канчалык начарлаган сайын алардын россиялык жай жарандарга болгон чабуулдары ошончолук көп болууда. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды. "Россия сегодня" маалымат борборунда Украинанын неонацисттеринин кылмыштары боюнча Эл аралык коомдук трибунал "Киев бийлигинин кары-картаңдар боюнча жасага нкылмыштары" деп аталган баяндамасын жасады. Дипломат аталган бийликтин улгайгандарга жасаган кылмыштары эми россиялык тартип сакчылары, укук коргоочулар менен эл аралык алкакта талкуулана турган иштерден экендигин айтты.Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украинага насыя берүүгө макулдук бербей Евробиримдиктин ичинде тереңге кетчү кризис жаратканын Politico басылмасы жазды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. "Өткөн жумада Орбан Киевди колдоо планына каршы чыгып, акыркы жылдары боло элек чоң каатчылыкты шарттады", — деп айтылат макалада. Белгилей кетсек, январдын соңунда Венгрия менен Словакия Украина транзитти токтотуп салгандыктан "Дружба" түтүгү аркылуу газ ала албай калышкан. Түтүк Альметьевскиден башталып, Брянскиден өтөт да, түндүк жана түштүк тарапка тарайт. ЖМКлардын маалыматы боюнча, Киев режими объектилер "россиялык чабуулдан" улам бузулган деген шылтоо менен түтүктүн ишин жандандыра элек. Буга жооп кылып Будапешт ЕБдин кезектеги антироссиялык санкциялар пакети менен Украинага бөлө турган 90 миллиард евролук насыяны бөгөттөп, дизель экспортун токтотту.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/1a/1099964140_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_23a25162cdff3b3aa438a7afea3f23ff.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио