https://sputnik.kg/20260226/1099956353.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ипотекалык компания быйыл республика боюнча 20 миңден ашык батир берет. Бул туурасында компаниянын Сатуулар башкармалыгынын жетекчиси Кылычбек... 26.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-26T13:00+0600
2026-02-26T13:00+0600
2026-02-26T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/02/1a/1099956187_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_108abaea6ac18e16901af8d707bf212e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ипотекалык компания быйыл республика боюнча 20 миңден ашык батир берет. Бул туурасында компаниянын Сатуулар башкармалыгынын жетекчиси Кылычбек Келдибеков "Биринчи радионун" обосунда айтты.Учурда өлкө боюнча 90 миңдей адам кезекте турат."Анын 48 миңден ашыгы Бишкек шаарында, аларга болжол менен 6300гө чукул батир берилет. Калгандары аймактарга бөлүштүрүлөт", — деген ал.
Кыргызстан Кытайдан унаа импортун кыскартып, Түштүк Кореядан көбүрөөк ташый баштады. Маалыматты Улуттук статистика комитети таратты.Былтыр өлкө аймагына 60тай өлкөдөн 139 миң жеңил автоунаа киргизилген. Анын 60 миңи Түштүк Кореяга туура келет. Кытайдан 49,5 миң машина ташылган.Кызыгы, Түндүк Кореядан бир автоунаа келген.
"Газпром Кыргызстан" акылдуу эсептегичтери туура эмес көрсөткөн абоненттерге жай мезгилине чейин туум кошпойт. Бул туурасында аталган компаниядан кабарлашты. Акция былтыркы жылдын соңунда топтолгон карызы барларга гана тиешелүү. Өнөктүк мартта бүтмөк, бирок майдын соңуна чейин узартылды. "Бул 2025-жылдын декабрынын аягына карата биллинг системасына маалымат берүүдө чыккан мүчүлүштүктөн пайда болгон карыздан улам болду. Анда газдын канча пайдаланылганы боюнча маалымат алынбай калгандыктан, компания 2024-жылдын ушул эле мезгилиндеги орточо же эсептик көлөмдөрдүн негизинде эсеп-дүмүрчөктөрдү чыгарган. Айрым абоненттерде эсептер төмөн же нөл болуп чыккан", — дешти мекемеден. Ошол эле учурда эсептегичтер газдын керектөөсүн так эсептөөнү уланткан. Мүчүлүштүк жоюлгандан кийин мурда эсепке кирбеген көлөмдөр эске алынып, абоненттерге жаңы дүмүрчөктөр берилгенин айтышты. Күзүндө керектөөсү төмөн көрсөтүлгөндөр январь айында күтүлгөндөн жогору эсептерди алган. "Абоненттерге кандайдыр бир арыз жазуунун кереги жок, акция тиешелүү болгон абоненттер үчүн туум дароо эле токтотулган. Эгерде карыз жакынкы айларда төлөнбөсө, 1-июндан тартып туум кайрадан эсептеле баштайт", — деп кошумчалашты компаниядан.
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда 17 жаштагы кызынын кош бойлуу экенин билген энеси өзүн өрттөп жиберген. Бул тууралуу облустук милиция билдирди. Ага чейин Ак-Суу РИИБи 41 жаштагы аялдын кызынын кош бойлуулугу боюнча териштирүү баштаган. Келин "элдин бетин кантип карайм" деп суракка катышуудан баш тарткан. Өмүрүнө кол салган аял ооруканада көз жумганы айтылды.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Вашингтонду Украина менен Россиянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн "катализатору" деп атап, бул ишти БУУ да, ЕБ да кыла албастыгын белгиледи. Бул туурасында РИА Новости жазды.Мамлекеттик катчы АКШнын президенти Дональд Трамп украин жаңжалын чечүү үчүн көп нерсе жасаганын билдирип, Киев менен Москва эмнеге кепке келбей жатканына түшүнбөй турганын айткан."Ушундай кандуу, катаал жана жүрөк үшүткөн согушта эки өлкө мунасага келип, аягына чыгарбай жатканына ал да түшүнбөй келет. Президент көптү жасады, саясий чоң салымын кошту", — деген Рубио. Аталган маселеде Трамптын чыдамы деле чексиз эместигин, ал тажап бүткөндө же кайсы бир учуру келгенде сүйлөшүүлөргө жан үрөбөй токтотуп коюшу ыктымалдыгын кошумчалаган.
Мамлекеттик ипотекалык компания быйыл республика боюнча 20 миңден ашык батир берет. Бул туурасында компаниянын Сатуулар башкармалыгынын жетекчиси Кылычбек Келдибеков "Биринчи радионун" обосунда айтты.Учурда өлкө боюнча 90 миңдей адам кезекте турат."Анын 48 миңден ашыгы Бишкек шаарында, аларга болжол менен 6300гө чукул батир берилет. Калгандары аймактарга бөлүштүрүлөт", — деген ал. Кыргызстан Кытайдан унаа импортун кыскартып, Түштүк Кореядан көбүрөөк ташый баштады. Маалыматты Улуттук статистика комитети таратты.Былтыр өлкө аймагына 60тай өлкөдөн 139 миң жеңил автоунаа киргизилген. Анын 60 миңи Түштүк Кореяга туура келет. Кытайдан 49,5 миң машина ташылган.Кызыгы, Түндүк Кореядан бир автоунаа келген."Газпром Кыргызстан" акылдуу эсептегичтери туура эмес көрсөткөн абоненттерге жай мезгилине чейин туум кошпойт. Бул туурасында аталган компаниядан кабарлашты. Акция былтыркы жылдын соңунда топтолгон карызы барларга гана тиешелүү. Өнөктүк мартта бүтмөк, бирок майдын соңуна чейин узартылды. "Бул 2025-жылдын декабрынын аягына карата биллинг системасына маалымат берүүдө чыккан мүчүлүштүктөн пайда болгон карыздан улам болду. Анда газдын канча пайдаланылганы боюнча маалымат алынбай калгандыктан, компания 2024-жылдын ушул эле мезгилиндеги орточо же эсептик көлөмдөрдүн негизинде эсеп-дүмүрчөктөрдү чыгарган. Айрым абоненттерде эсептер төмөн же нөл болуп чыккан", — дешти мекемеден. Ошол эле учурда эсептегичтер газдын керектөөсүн так эсептөөнү уланткан. Мүчүлүштүк жоюлгандан кийин мурда эсепке кирбеген көлөмдөр эске алынып, абоненттерге жаңы дүмүрчөктөр берилгенин айтышты. Күзүндө керектөөсү төмөн көрсөтүлгөндөр январь айында күтүлгөндөн жогору эсептерди алган. "Абоненттерге кандайдыр бир арыз жазуунун кереги жок, акция тиешелүү болгон абоненттер үчүн туум дароо эле токтотулган. Эгерде карыз жакынкы айларда төлөнбөсө, 1-июндан тартып туум кайрадан эсептеле баштайт", — деп кошумчалашты компаниядан.Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда 17 жаштагы кызынын кош бойлуу экенин билген энеси өзүн өрттөп жиберген. Бул тууралуу облустук милиция билдирди. Ага чейин Ак-Суу РИИБи 41 жаштагы аялдын кызынын кош бойлуулугу боюнча териштирүү баштаган. Келин "элдин бетин кантип карайм" деп суракка катышуудан баш тарткан. Өмүрүнө кол салган аял ооруканада көз жумганы айтылды.АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Вашингтонду Украина менен Россиянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн "катализатору" деп атап, бул ишти БУУ да, ЕБ да кыла албастыгын белгиледи. Бул туурасында РИА Новости жазды.Мамлекеттик катчы АКШнын президенти Дональд Трамп украин жаңжалын чечүү үчүн көп нерсе жасаганын билдирип, Киев менен Москва эмнеге кепке келбей жатканына түшүнбөй турганын айткан."Ушундай кандуу, катаал жана жүрөк үшүткөн согушта эки өлкө мунасага келип, аягына чыгарбай жатканына ал да түшүнбөй келет. Президент көптү жасады, саясий чоң салымын кошту", — деген Рубио. Аталган маселеде Трамптын чыдамы деле чексиз эместигин, ал тажап бүткөндө же кайсы бир учуру келгенде сүйлөшүүлөргө жан үрөбөй токтотуп коюшу ыктымалдыгын кошумчалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/1a/1099956187_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1f540ec5c51eb839ba69a904c9579eb9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио