Каныбызга илгеритеден сиңип калган конок тосуу каадасы бүгүнкү күндө да өз ордун жогото элек. Мындан улам, Sputnik Кыргызстан агенттиги мейман тосууда үй ээлерине жасоого болбой турган нерселерди сураштырып, салтыбызга саресеп салды.
Кокустан келген конокту кодулабайт. Үйүңүзгө кокустан, айттырбай бирөө келип калса эч качан кодулап "эмнеге келдиң?" деген суроону бербеш керек. Ата-бабалар сырттан жолоочу келип калса, аны тааныбаса да сыйлап үйүнө түнөтүп колунан келген тамагын берип жөнөткөн.
Келген конокту үйдөн даамсыз чыгарбайт. Үйүңүзгө шашылыш бирөө келип калган учурда да ага жок дегенде нан ооз тийгизүү керек. Бул элибиздеги жазылбаган мыйзам.
Конокту босогого отургузбайт. Сырттан келген кишини кыргыздар ичкери киргизип, ал тургай төргө өткөргөн.
Кетик идишке тамак куюп бербейт. Сынык идишке тамак берүү өтө уят көрүнүш. Негизи эле үй ээлери да өздөрү кетик идишке тамак ичкен эмес. Бул адам ырыскысынан кем болуп калат деген маанини туюндурган.
Үй ээлери үңкүйүп отуруп алып жеке жумуштары менен алектенбейт. Келген кишини каратып коюп үй жыйнап, же башка жумушу менен алек болгон адам конокту жактырбай жаткандай түр калтырат.
Коноктон аянбайт. Мейман Кудайдын адамы деп айтылат. Андыктан, конок келгенде дасторконду жайып, колдон келишинче аларга жакшы сый-урмат көрсөтүү эзелкиден калган мурас, милдет болуп саналат.