00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
2 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Стоп-кадр
«Көлөкө»: кыз-жигит мамилесиндеги кооптуу чек кайда?
19:11
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Где ИИ действительно полезен, а где только создаёт иллюзию прогресса
20:10
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мунапыска берилген жерлерге арест: мыйзамдуу негиздери жана учурдагы абал
21:04
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Медербек Алиев Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланды. Анын талапкерлигин 74 депутат колдоп берди. Белгилей кетсек, кечээ социалдык тармактарда ЖК төрагасынын биринчи орун басары Чыңгыз Ажибаев депутаттык мандатын тапшырды деген сөз тараган. Эл өкүлүнө чалып сураганыбызда маалымат так эместигин, азырынча андай чечим чыга электигин билдирген. Бүгүн, 26-февралда, Чыңгыз Ажибаев орун басарлык кызматын тапшырды.
Учурда Кыргызстанда саясий мамлекеттик кызмат орундарында аялдардын үлүшү 28%ды, ал эми саясий муниципалдык кызматтарда 2,8%ды түзөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти. Ошондой эле мамлекеттик органдардагы административдик кызматтын жетекчи кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын 23%ын аялдар түзөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында болсо, жетекчи кызмат орундардын 42%ын аялдар ээлейт.Кадрлар резервинде 627 талапкер бар. Алардын 95и аялдар. Бул жалпы талапкерлердин 15,7%ын түзөт:
Мамлекеттик салык кызматы бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча иш алып барган салык төлөөчүлөргө отчет тапшыруу жана салык төлөө мөөнөттөрү тууралуу эскертет. Салык мыйзамдарына ылайык, акыркы 12 айдагы жыйынды кирешесине жараша ишкердик субъекттери чакан, орто жана ири бизнес болуп бөлүнөт.Белгилей кетсек, эгерде жыл ичинде киреше белгиленген чектен ашып кетсе же төмөндөсө, субъект календардык жылдын аягына чейин өз категориясын сактап калат. Эске салсак, салык милдеттенмелерин өз убагында аткаруу айып пулдардан жана кошумча санкциялардан сактайт.
Бишкек шаардык соту ишкер Имамидин Ташовдун ишин биринчи инстанцияга кайтарды. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти. Маалыматка ылайык, иш Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү. Анткени материалдарда айыпталуучунун былтыр 30-декабрдагы апелляциялык даттануусу жана өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүчү жок болгондуктан, жол-жоболоштуруу үчүн иш биринчи инстанцияга кайтарылган. Аталган даттануу жана өтүнүч Биринчи май райондук сотунун кеңсесине келип түшкөнү менен кылмыш ишинин материалдарына тиркелбей калган. Эскерте кетсек, 2024-жылы KG Group компаниясынын башчысы Имамидин Ташов бийликти күч менен басып алууга даярдык көрдү деген шек менен камакка алынган.Өткөн жылы Биринчи май райондук соту мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыраткан.
Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүп, согуш жыл соңуна чейин бүтөт деп ишенип турганын айткан. Бул туурасында Axios порталы жазды. Экөөнүн Давостогу жолугушуусунан кийин бул сүйлөшүү жарым саатка чукул созулганын айтышты. "Зеленский жаңжал быйыл аяктаарына үмүт кылып жатканын айтса, Трамп согуш өтө эле созулуп кеткендигин жана ал бир айда бүтүп калышын каалаганын белгилеген", — деп бул сүйлөшүүдөн кабары бар адамдар билдирген.Белгилей кетсек, Январдын соңу менен февралдын башында БАЭде Москва, Киев жана Вашингтондун өкүлдөрү кирген коопсуздук боюнча жумушчу топтун жабык сүйлөшүүсү өткөн. Анда АКШ сунуштаган тынчтык планынын айрым көйгөйлүү маселелери талкууланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0