Көп балалуу президенттер: Рахмондун 9, Кадыровдун 10, Элбэгдорждун 25 баласы бар

© AFP / MENAHEM KAHANAЧечен республикасынын президенти Рамзан Кадыровдун архивдик сүрөтү
Чечен республикасынын президенти Рамзан Кадыровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир адам артынан туяк калтыргысы келет. Баласы анын атын өчүрбөй, тукумун улап кетишин тилейт. Ал эми эл башкарып, аты тарыхта калчу адамдардын мындай каалоосу бир топ эле күч болсо керек.

Sputnik Кыргызстан агенттиги көп балалуу дүйнө лидерлерин тизмектеп чыкты. Арасында 20дан ашык балалуулар дагы бар.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандан президенти Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса Атамбаева жана кызы Алия Шагиева менен
Президент КР Алмазбек Атамбаев с семьей - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан президенти Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса Атамбаева жана кызы Алия Шагиева менен

Алмазбек Атамбаев алты уул-кыздын атасы

Президент Алмазбек Атамбаевдин алты баласы бар. Учурдагы жубайы Раиса Атамбаевага 1988-жылы баш кошкон. Экөө Кадыр аттуу уулдуу жана Алия аттуу кыздуу болушкан. Кадыр орто мектепти Бишкек шаарынан аяктап, жогорку билимди Түркиядан алган. Ошондой эле аскердик кызматты былтыр кыргыз армиясынын катарында өтөгөнү айтылат. Кызы Алия — сүрөтчү. 2016-жылы турмушка чыгып, 2017-жылдын март айында уулдуу болгон. Президенттин биринчи никесинен Сейитбек, Сейтек аттуу балдары жана Диана, Динара аттуу эгиз кыздары бар.

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүТажикстандын президенти Эмомали Рахмон
Эмомали Рахмон в Институте Востоковедения РАН - Sputnik Кыргызстан
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон

Тажик президентинин тогуз баласы бар

Эмомали Рахмон эки уул, жети кыздын атасы. Биринчи уулу Рустами экономика жааты боюнча билим алган. Аны менен катар "Истиклол" футбол клубунда ойногон. Экономикалык адистиги боюнча бир катар жетекчилик кызматтарды аркалап келет. Ал эми биринчи кызы Фируза "Тажик темир жолунун" жетекчиси Амонулло Хукумовдун уулуна турмушка чыккан. Экинчи кызы Озода АКШда окуп, андан соң Америкадагы Тажик элчилигинде эмгектенген. Алтынчы кызы Заррина "Шабакаи аввал" телеканалында диктор болуп иштеп жүрүп, 2013-жылы Сиевуш Зухуров аттуу спортчуга турмушка чыккан.

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЧечен республикасынын президенти Рамзан Кадыров
Международный инвестиционный форум Сочи 2016 - Sputnik Кыргызстан
Чечен республикасынын президенти Рамзан Кадыров

Рамзан Кадыров балдар үйүнөн эки бала багып алган

Чечен республикасынын президенти Рамзан Кадыров мектепте окуп жүргөндө таанышкан Медни Айдамирова атуу айылдашына баш кошкон. Ал кесиби боюнча модельер. Экөөнүн Ахмат, Зелимхан, Адам, Абдуллах аттуу уулдары жана Айшат, Карина, Хеди, Табарик, Ашура, Эйшат аттуу кыздары бар. Кадыровдордун үй-бүлөсү балдар үйүнөн 2007-жылы эки эркек баланы багып алышкан.

© Sputnik / Алексей Агарышев / Медиабанкка өтүүАКШнын президенти Дональд Трамп жубайы Меланья жана уулу Бэррон менен
Парад в честь инаугурации президента США Д. Трампа в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
АКШнын президенти Дональд Трамп жубайы Меланья жана уулу Бэррон менен

Трамптын үч аялынан беш баласы бар

АКШнын президенти биринчи жубайына 1977 –жылы үйлөнгөн. Экөөнүн эки уулу жана бир кызы бар. Кызы Иванка атасынын ишкерлик жана мамлекеттик иштерине аралашып, бүгүнкү күндө дүйнө коомчулугуна аты тааныла баштады. Атургай анын атасына таасири күчтүү болгондуктан, АКШнын биринчи айымынын милдетин аткарат деген пикирлер айтылган.

Президенттин экинчи жубайы Марла Мейплздан Тиффани аттуу кыздуу болгон. Азыркы жубайы Мелания экөөнүн Бэррон аттуу уулу бар.

© AFP / JACQUES DEMARTHON Ирактын президенти Масум Фуад
Президент Ирака Фуад Масум в Франции во время конференции - Sputnik Кыргызстан
Ирактын президенти Масум Фуад

Ирак президентинин алты баласынын бири чарчап калган

Ирактын президенти Масум Фуад азыркы ээлеген кызматына 2014-жылы келген. Жубайы Ронак Мустафа Абдул Вахид экөөнүн учурда беш баласы бар. Шуван аттуу алтынчы баласы чарчап калган. Балдарынын аттары: Ширин, Зозан, Шилан, Вейян жана Джуван. Джуван аттуу кызы Ирактын убактылуу өкмөтүндө Телекоммуникация министри болуп эмгектенген.

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүМонголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдорж
Заседание Совета глав государств-членов ШОС в расширенном составе - Sputnik Кыргызстан
Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдорж

Монгол президенти 25 балага тарбия берип жатат

Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдорж менен жубайы учурда 25 баланы тарбиялап жаткан кези. Анын арасынан төрт эркек бала өздөрүнүкү. Кыздуу болушкан эмес. Бирок бир топ жылдан бери ата-энеси жок балдарды өз камкордугуна алган президенттин үй-бүлөсүндө учурда 12 кыз, 9 уул тарбияланып жатат. Жергиликтүү ЖМКларга президенттин чоң үй-бүлөсүнүн сүрөттөрү көп чыгат.

© AFP / TOMOHIRO OHSUMI / POOLСауд Аравиясынын королу Салман ибн Абдул-Азиз Аль
Король Саудовской Аравии Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд - Sputnik Кыргызстан
Сауд Аравиясынын королу Салман ибн Абдул-Азиз Аль

Сауд Аравия королунун 12 мураскери болгон

Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд үч жолу үйлөнгөн. Биринчи жубайы жакын тууганынын кызы болгон. Андан беш уул, бир кызы бар. Экинчи аялынан бир, үчүнчүсүнөн беш эркектүү болгон. Бирок балдарынын экөөнүн көзү өтүп кеткен. Биринчи уулу Фахд ибн Салман 2001-жылы, экинчи уулу Ахмад ибн Салман 2002-жылы жүрөк оорусунан каза тапкан. Ал эми Султан ибн Салман аттуу ханзаада космоско учкан биринчи мусулман болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0