БИШКЕК, 14-май. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте каратэ-до боюнча Кыргызстан биринчилиги башталарын КРдин "Шотокан" каратэ-до International улуттук федерациясынан билдиришти.
Мелдеш Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналып, саат 14.00дө башталат.
Иш-чаранын расмий ачылышы жана жеңүүчүлөргө байге тапшыруу аземине жетинчи дандагы кара курдун ээси, каратэ-до боюнча дүйнөнүн жети жолку, Япониянын алты жолку чемпиону Манабу Мураками шихан катышат.
Иш-чарага конок катары өкмөт мүчөлөрү дагы келери кошумчаланды.