Жеңиш күнү "Ак-Кула" ат майданынын айланасындагы көчөлөр жабылат

Жазылуу
Кайгуул милициясы Жеңиш күнү "Өлбөс полктун" жүрүшүнө жана көк-бөрүнүн финалдык оюндарына байланыштуу айрым көчөлөрдү убактылуу жабат.

БИШКЕК, 8-май. — Sputnik. Бишкекте 9-май күнү "Ак-Кула" ат майданынын айланасындагы көчөлөр жабыларын Sputnik Кыргызстан агенттигине Кайгуул милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка карганда, ал күнү ипподромдо көк-бөрүнүн финалдык оюну болгондуктан, Термечиков көчөсү Лев Толстойдон баштап Гагарин көчөсүнө чейин жабылат.

Ошондой эле "Өлбөс полктун" жүрүшүнө байланыштуу борбор калаада башка көчөлөрдө дагы кыймыл чектелет.

  • 8:30дан 12:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдүн бөлүктөрү жабык болот:
  • Масалиев көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин ("Түштүк дарбазадагы" Жеңиш паркынын алдындагы бөлүгү);
  • Байтик баатыр көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин (Масалиев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү);
  • Фрунзе көчөсү (Абдрахмановдон Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү);
  • Шопоков көчөсү менен Ибраимов көчөсүндөгү Чүй проспектисинен Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгү.

"Бул көчөлөр "Өлбөс полктун" жүрүшүнүн катышуучулары өтүп кеткиче гана жабылып турат. Андан соң кайра ачылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам Бишкек ШИИБ айдоочулардан каттамды алдын ала пландап алууну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0