БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына жана "Өлбөс полктун" жүрүшүнө карата 9-май күнү калаанын бир катар көчөлөрү жол кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ маалымат кызматы кабарлады.
08:30дан 12:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдүн бөлүктөрү жабык болот:
- Масалиев көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин ("Түштүк дарбазадагы" Жеңиш паркынын алдындагы бөлүгү);
- Байтик баатыр көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин (Масалиев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү);
- Фрунзе көчөсү (Абдрахмановдон Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү);
- Шопоков көчөсү менен Ибраимов көчөсүндөгү Чүй проспектисинен Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Мындан улам Бишкек ШИИБ айдоочулардан каттамды алдын ала пландап алууну өтүнүүдө.