Эммануэль Макрон. Өмүр баяны

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүПервый тур президентских выборов во Франции
Первый тур президентских выборов во Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Франциялык мамлекеттик ишкер, "Алга" партиясынын лидери Эммануэль Макрон 1977-жылы 21-декабрь күнү Амьен (Франция) шаарында дарыгерлердин үй-бүлөсүндө туулган.

Мектепти бүтөр жылы өлкөдөгү эң мыкты деп эсептелинген "Анри IV" лицейине которулган.

Андан соң Париждеги Нантер-ля-Дефанс университетинде философия магистри илимий даражасын алган. Саясий изилдөө институтун бүтүргөн. Ал эми 2002–2004-жылдары Улуттук администрация мектебинин (ENA) студенти болгон.

  • 2004–2008 — каржы инспектору.
  • 2008–2011 — инвестициялык банкир.
  • 2011–2012 — Ротшильд банкынын башкаруучу өнөктөшү.
  • 2012–2014 — Елисей сарайынын башкы катчысынын орун басары.
  • 2014–2016 — Франциянын экономика министри.

2016-жылдын 6-апрелинде "Алга" (En Marche) кыймылын түзгөн. Ал эми 16-ноябрда Макрон Франциянын президенттигине өз талапкерлигин коерун жарыялаган.

Ошол эле айда "Революция" деген аталыштагы китеп-программасын сунуштаган.

2017-жылдын 23-апрелинде болгон шайлоонун биринчи турунда элдин 24,01 пайызынын добушун ала алган.

Эммануэль Макрон өзүнүн мурдагы француз тили мугалими Бриджит Троньеге баш кошкон.

Жаңылыктар түрмөгү
0