БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Ош облустук соту ырчы Алтынай Жайнакованы бейбаштык жасап, бийлик өкүлүнө күч колдонгону үчүн шарттуу түрдө төрт жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттун маалымат кызматынан кабарлашты.
Эскерте кетсек, 13-январга караган түнү саат 02.10дор чамасында Ош шаарынын Кайгуул милициясы шаардын Масалиев жана Абдыкадыров кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде Honda Accord үлгүсүндѳгү автомашинаны алыскы чырактарын жандырып келе жаткан учурда токтоткон. Окуядан чыр чыгып, айдоочу кыз милиция кызматкеринин кашын жара тепкен.
Ош шаардык соту бейбаштык беренеси менен ырчыга 30 миң сом жана мас абалда унаа айдаганы үчүн 20 миң сом айып салган. Кийин жабыркаган тарап Ош облустук сотуна арыз менен кайрылган.
Шаршемби күнү облустук сот ырчыны шарттуу түрдө эркинен ажыратууну чечкен.