Койдун бышырылган башы — койдун башын адатта эң сый конокко же эң кичүүсүнө берет. Таң болгон чет элдик аны эмне кыларын билбей калат. АКШдан келген волонтердун оюна биринчи эле "бул койдун ата-энеси бар эле да" деген ой келген. Ал эми украиналык "Орел и решка" телеберүүсүнүн алып баруучусу Настя Короткая "кыргыздын салттуу тамактануусунун айрым бөлүгү моргдогу сөөктү союуга окшош" деген тыянак чыгарган.
Жылкынын эти. Чучук, казы-карта, жая, жал — жылкынын этинен жасалган тамактын түрлөрү арабдарды, түрктөрдү жана англис тилдүү өлкөлөрдөн келген туристтерди таң калтырат. Мунун себеби, аларда жылкынын этин жегенге болбойт. Бирок аны Кыргызстанда биринчи жолу татып көргөндөр эттин бөтөнчө даамын белгилеп, эмне үчүн аларда тыюу салынганын түшүнүшпөйт.
Максым. "Анын көрүнүшү жана даамы бир кызыктай. Кантип ичериңерди түшүнбөйм!" — дейт Словакиядан келген мейман. "Эмне үчүн баары ысык күндө малдын майы кошулган бүлтүгү бар боткону ичишет?" — деп түшүнбөйт британиялык журналист СаймонРо. Арпа, буудай жана жүгөрүдөн булактын суусуна бышырылып жасалган бул суусундук көпчүлүк туристтер үчүн түшүнүксүз бойдон калды.
Боорсок. Бул ачытылган камырдан чарчы кесилип майга бышырылган нан. Сеулда достук фестивалында боорсокту жеп көргөн кореялык: "Силер мени алдап койдуңар. Бул нан эмес, таттуу эмес турбайбы!" деген.
Быжы — койдун боорун эзип, ага майда тууралган пияз, бышырылган күрүч кошуп, таза жуулган мөөнгө салып бышырылган чүйгүн тамак. Кийинки убакта аны жумурга салык, андан "өрдөк" жасап бышыргандар көбөйүүдө. Ал туристтерди өзүнүн сырткы жасалышы менен таң калтырат. Кулинардык чеберчиликтин мындай "шедеврин" жегенге чет элдиктерин оозу барбайт.
Олобо же жөн сөз менен айтканда "сүттүү өпкө" — сүт, татымал, туз жана май аралашмасын 2-3 күн мурун кустуруп тазалаган өпкөгө куюп бышырылган бул тамакты даамдуулугу менен айырмаланат. Ингредиенттердин таң каларлык айкашы кээде туристтердин үрөйүн учурат.
Курут. Чет элдиктер муну кыргыздын кургак быштагы деп аташат. Сүзмөдөн тоголоктолуп жасалган бул азык адатта туздуу болот, кээде ачуу калемпир кошулат.
Чүлү — курут менен өрүктөн жасалган варенье. Аны даярдоо узак убакытты алып, негизинен Баткен облусунда гана кездешет. Бөтөнчө вареньенин пайдалуу касиеттери жөнүндө жергиликтүү тургундар уламыштарды жаратып, бирок бардык эле туристтер анын даамын татканга батынбайт.
Кымыз — бээнин көгүш түстөгү, даамы бир аз ооз куурган сүтү. Анда белоктор уйдун сүтүнө караганда эки эсе аз болот. Кымыз кандын айлануусун жакшыртары байкалган, ошондой эле аны потенцияга жакшы таасир кылат деп айтышат.
Чөбөгө — майды кайнатканда пайда болуучу чөкмө. Ал белокторго бай. Кээде ага бал жана шекер кошушат.