Угандалык студент: силер этин тамшанып жеген жылкы бизде музейде сакталат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанский студент Николас Каемба из Уганды
Кыргызстанский студент Николас Каемба из Уганды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Николас Каемба үч жылдан бери Бишкекте англис тили менен адабиятын окуп келет. Кыргызстандагы жападан жалгыз угандалык студент менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Асел Минбаева маектешти.

Николас аз-маз кыргызча да, орусча да сүйлөп калыптыр, ошентсе да редакциябыздын дарегин англис тилинде түшүндүрүп берүүгө туура келди. Адашып кеткенине карабай эч ичинен аны оңой эле таап алдым. Кандайча экенин түшүндүңөр да, ээ?

— Алгач келгенде Бишкек кандай көрүндү?

Кытайдын Иньчуань шаарындагы эл аралык КАРВАР клиникасында котормочу жана директордун жардамчысы болуп эмгектенген Динара Ибраимова - Sputnik Кыргызстан
Кытайдагы клиниканын котормочусу Динара: бети түрүлүп жаткан кишиден аябай коркком
— Же кыргыз тилин, же орус тилин билбегендиктен аябай кооптондум. Мени аэропорттон тосуп алууга келген жигиттин англисче суудай сүйлөгөнү абдан таң калтырды. Ысмы да бир кызыктай экен — А-за-мат! Ал Кыргызстанда англис тилинде эркин сүйлөгөндөр көп экенин, тез аранын ичинде эле дос күтүп кетеримди айтты. Айтор, өлбөйсүң деди (күлүп).

Түн ичинде келдим. Шаар ээндей сезилди. Силерге түшүнүктүү болсун үчүн айта кетейин, аянты Кыргызстандай эле болгон Угандада 37 миллион киши жашайт. Адамдардын көптүгүнө, ызы-чууга көнгөм.

Имараттарбы?.. Ммм, алгач мага аябай эскидей көрүндү, совет доорунан калгандай сезилди. Бир топто барып алардын чыныгы маанисин түшүнгөндөй болдум. Мисалы, үйдүн алдындагы балдар аянтчасы… Бизде мындай жок. 

© Sputnik / Табылды КадырбековУгандалык студент Николас Каемба: калпак күнү башыма калпагымды кийип алып университетке бардым. Жаныман өткөн унаалар токтоп, ары-бери өткөндөр "Жакшы!" деп жатышты. Троллейбустун айдоочусу болсо жол кире албай койду
Кыргызстанский студент Николас Каемба из Уганды  - Sputnik Кыргызстан
Угандалык студент Николас Каемба: калпак күнү башыма калпагымды кийип алып университетке бардым. Жаныман өткөн унаалар токтоп, ары-бери өткөндөр "Жакшы!" деп жатышты. Троллейбустун айдоочусу болсо жол кире албай койду

— Билим алуу үчүн Кыргызстанды тандап алууңузга эмне себеп болду?

Германиянын Гамбург шаарында жеке мектептин директору, кыргызстандык Азизбек Турдалиев - Sputnik Кыргызстан
Германиядагы мектеп директору Турдалиев: бул жакта мугалим болуу машакаттуу
— Чынын айтсам, Кыргызстан тууралуу түшүнүгүм да жок эле, болгону –стан менен бүткөн мамлекеттердин баарында абал кооптуу деп ойлочумун. Көрсө Афганистан менен Пакистандын таасири экен да. Эч кимди да таанычу эмесмин.

Мен "Ала-Тоо" университетинде окуйм, бул окуу жай ар убак чет элдик студенттерди чакырып келет. Жогорку билим алуунун баасы да Кыргызстанда Угандага караганда бир топ арзан, ал эми дилгир студенттерде артыкчылыктар каралат экен. А-за-мат болсоң, капчыгыңа жеңил болгудай.

— Кыргызстан менен Уганданын билим берүү деңгээлин салыштырып көрбөйлүбү?

— Университеттердин баарында ар кандай жагдай. Мисалы, менин айрым бир окуу жайдагы досторум таптакыр эле окубайт. Жөн гана университетке келип-кетип жүрө беришкенин көргөм.

Кыргызстанда бир экзаменди жарым сааттын ичинде тапшырып коюуга болот экен! Аябай таң калдым, анткени бизде керек болсо окуучу экзаменди 3-4 саат тапшырат. 30 мүнөттүн ичинде эмнеге жетишесиң?!

Дагы бир түйшөлткөн нерсе, кыргызстандык студенттер өлкөдөн кетүү жөнүндө көп ойлонушат экен…

— Кыргызстандын эличи?

Twitter компаниясында иштеген Наргиза Абдубалиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Twitter компаниясында иштеген Наргиза ийгилик сыры менен бөлүштү
— Алгач абдан орой сезилди. Мага жасаган мамилеге жиним келип жүрдү. Андан кийин кыргыз менен орус тили англис тилине караганда катаалыраак экенин түшүндүм. Мындан улам тил өзү орой угулат экен.

Кыргыз тилин үйрөнүп, эл менен аралаша баштаганда кыйналбай калдым. Силердин карыялар менен кыргыз тилинде сүйлөшөм, алар аябай сүйүнүп калышат.

Калпак күнү башыма калпагымды кийип алып университетке бардым. Жаныман өткөн унаалар токтоп, ары-бери өткөндөр "Жакшы!" деп жатышты. Троллейбустун айдоочусу болсо жол кире албай койду.

— Өңү-түсүңүздөн улам көчөдө карап калгандар болобу?

— "Тээтиги кара жигитти көрдүңбү?" дегендерди кулагым чалып калат. Сиздер эмнегедир мен кара болсом эле Америкадан келди, анан акчасы көп деп ойлой берет экенсиңер. Базарларда соодагер эжелер "900 сом болчу, мейли эми, сага 200 сомдон берейин" деп калышат. Товардын өзүнүн баасы чынында эле 200 сом экенин мен деле жакшы билем да!

Анан милиционерлер көрөрү менен жаныма басып келип документтеримди текшере баштайт. Мааниси жок бир нерселерди сурап бүтүп, баары жайында экенин билгенден кийин 300 сом сурап туруп алышат! 

© Фото / предоставлено Николасом КаембаУгандалык студент Николас Каемба: биз жакта, Угандада, жылкы абдан кымбат жандык болуп саналат, аны өтө бай адамдар гана алат. Мисалы, мен жылкыны өмүрүмдө бир эле жолу көргөм, анда да музейден!
Кыргызстанский студент Николас Каемба из Уганды  - Sputnik Кыргызстан
Угандалык студент Николас Каемба: биз жакта, Угандада, жылкы абдан кымбат жандык болуп саналат, аны өтө бай адамдар гана алат. Мисалы, мен жылкыны өмүрүмдө бир эле жолу көргөм, анда да музейден!

— Тамак-ашка көндүңүзбү?

— Бир жолу Ошто өткөн тойго чакырып калышты. Жерге отурдук, дасторкондо анча көп тамак жок экен. Эптеп жеп отурсак бир маалда килтейген табак менен палоо алып келишти. Оозуман чыккыча жедим окшойт.

Чет элдиктерди таң калтырган кыргыз тамактары
Анан улам бир тамак алып келе башташты, жээрге курсак жок калганда бешбармак келди десеңиз! "Ал, ал" дей беришет экен. Кичинеден жеп отурсам, бир маалда чай алып келишти.

Кетип жатсак, колубузга толтура тамак-аш салынган баштыктарды карматышты. Меймандостук деп ушуну айтыш керек!

Бир жолу чучук жедим. Аябай жакты, даамы шумдук экен. Андан кийин ал жылкынын казысынан жасаларын айтып жатышпайбы! Таң калганымды айтпаңыз! Биз жакта, Угандада, жылкы абдан кымбат жандык болуп саналат, аны өтө бай адамдар гана алат. Мисалы, мен жылкыны өмүрүмдө бир эле жолу көргөм, анда да музейден!

Даамы чыгып турса, тамактын эмнеден жасалганы анча мааниге ээ эмес деп ойлойм. Мисалы, Угандага келген чет элдиктер куурулган курт-кумурскаларды көргөндө иренжишет. Бирок бул чынында даамдуу тамак.

Кыргызстанда банандын бир эле түрү сатылат экен. Бизде кууруп жей турган банандар бар. Анан манго менен ананас абдан кымбат экен. Угандада ананасты 30 сомго сатып алсаң болот.

— Негизи эки өлкөдөгү бааларда кандай айырмачылык бар экен?

Основатель туристического агентства Kyrgyz trips Алекс Супинский - Sputnik Кыргызстан
Еврей жигит Алекс: кыргыз айылдарын аралагандан кийин өлкөгө байланып калдым
— Силерде жол кире абдан арзан экен! Бирок, мисалы, Угандада деле 14 орундуу бусиктер бар, бирок ага 14 гана жүргүнчү түшөт. Силердин айдоочулар "желим" маршрутка айдайт экен! Алгач тыгылышка көнө албай кыйналып жүрдүм, ага караганда троллейбстар бир топ ыңгайлуу экен.

Силерде батирдин ижарасы абдан кымбат экен! Өзүң жалгыз анын акысын төлөп жашай алгыдай эмессиң. Уганданын борбору Кампалада баалар таптакыр башка. Ооба, борбордук бөлүктө кымбат болгону менен бунгалону айына 15-30 долларга алсаң болот. (Интернеттен карасак "бунгало" деген бир кабаттуу жер үйлөр экен — ред.)

Курулуш арзан бизде, ошондуктан тургундар бир нече турак жай салып, ижарага да беришет. 

© Sputnik / Табылды КадырбековУгандалык студент Николас Каемба: Угандада деле 14 орундуу бусиктер бар, бирок ага 14 гана жүргүнчү түшөт. Силердин айдоочулар "желим" маршрутка айдайт экен! Алгач тыгылышка көнө албай кыйналып жүрдүм, ага караганда троллейбустар бир топ ыңгайлуу экен
Кыргызстанский студент Николас Каемба из Уганды  - Sputnik Кыргызстан
Угандалык студент Николас Каемба: Угандада деле 14 орундуу бусиктер бар, бирок ага 14 гана жүргүнчү түшөт. Силердин айдоочулар "желим" маршрутка айдайт экен! Алгач тыгылышка көнө албай кыйналып жүрдүм, ага караганда троллейбустар бир топ ыңгайлуу экен

— Экономикалык абалчы? Кайсы мамлекетте жашоо жакшыраак деп ойлойсуз?

Латыш келин Анастасия Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылындагы кайын журтунда уй саап жаткан учурда - Sputnik Кыргызстан
Латыш келин Анастасия: Ат-Башыга барып уй саап, нан жапканды үйрөндүм
— Угандада табигый ресурс көп. Экватордук өлкө болгондуктан, өсүмдүк үчүн бейиш жер. Банан, кофенин мыкты сорттору, чай жакшы өсөт. Бизге чет элдик фонддор да жардам берет, бирок алардын акчасы кайда жумшалып жатканы белгисиз.

Кыргызстандагы коррупция бизде деле бар. Бийлик мүчөлөрүнүн айлык акысы абдан жогору, министрлер улам бир өлкөгө барып, бир күндө миңдеген доллар корото алышат. Ошол эле учурда ооруканабызда бир жума электр энергиясы жок болуп калышы толук мүмкүн, Тез жардам машиналарыбыздын эскилиги жеткен.

Угандада өзүнө бир күндө бир доллар гана жумшаган жакырлар көп.

— Кыргызстандык кыздар кандай экен?

— Мен элеттик аялдар тууралуу айткым келет. Көп жүк жүктөлөт экен — уй саап, эртеден кечке жаны тынбаган аялдарды көрдүм. Бизде түйшүктүн көбү эркектин мойнунда.

— Угандага кетесизби же бул жакта каласызбы?

— Кеминде дагы 1,5 жыл жүрөм, анткени диплом алышым керек. Кыргызстан мага аябай жакты, бирок качандыр бир кезде ата журтума кетишим керек. Бирок негизи саякаттап жүрүп өтөөр элем.

Жаңылыктар түрмөгү
0