БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев элге оор терминдерди жалпак тил менен түшүндүрүү керектигин белгилеп, бул тема боюнча анекдот айтканын Sputnik Казакстан маалымат агенттиги билдирди.
Назарбаев Казакстан элинин ассамблеясынын кезектеги жыйынында алдыга жылып өнүгүү үчүн Казакстандыктан жарандык бирдейлик менен ынтымакты камсыздашы керектигин баса белгиледи.
"Мына жарандык бирдейликти алалы… Жөнөкөй дыйканга айтсаң "бул эмне?" деп өзүңө суроо берет. Эски анекдот эске түштү. Мурда колхоздорго райондон, облустан лекторлор келип дарс окуп кетчү. Окуу бүткөндөн кийин колхозчулар залды тазалап жатканда лектор "бизде шаар менен айылдардын ортосунда диспропорция бар" деп калат. Отурган дыйкан Федя билим алган жаш бухгалтерди карап "мага диспропорция дегенди жөнөкөй тил менен эле түшүндүрчү" деп кайрылат", — деди президент.
Залдагылар президент сөзүн аяктары менен кыраан-каткы түшкөн.
Элбасы бул анекдотту аткаминерлер оор терминдерди элге жалпак тил менен түшүндүрүп берүүсү керектигин белгилөө үчүн айтканын кошумчалады.