БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Эң көп каражат өлкөнүн жолдоруна жумшалат. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков парламентте депутаттарга отчет берип жатып билдирди.
Өкмөт башчынын айтымында, 2016-жылы Кыргызстандагы жолдорду оңдоого 4,9 миллиард сом бөлүнгөн.
"Ушунча тамтыгы чыккан жолдорду оңдоого убакыт керек. Колдон келишинче иштеп жатабыз. Эң көп каражат өлкөнүн жолдоруна кетүүдө", — деди Жээнбеков.
Өкмөт башчы быйыл да жолдорго көп каражат каралгандыгын кошумчалады.