Sputnik Кыргызстан агенттиги этнограф Динара Молдокулованын жардамы менен сапарга чыкканда жасоого болбой турган нерселерди тизмектеп, ата-бабадан калган кааданын маанилерине саресеп салып көрдү.
Босогодон аттагандан кийин кайра артка кайрылбайт. Узак сапарга чыгып кетип, бир нерсесин унутуп калса, үйгө кайра кайрылган эмес. Унутуп калган нерсе маанилүү болсо, өзү барбай башка бирөөдөн алдырып алган.
Кийиминин айрылган жерин тикпейт. Ошондой эле сапарга чыкканда топчу да кадаганга болбойт. Бул сапарга чыгып жаткан адамдын жолу болбой калат деген белгини туюндурган.
Жолго чыгып жаткан кишинин жакын адамы ыйлабайт. Эгерде эчкирип катуу ыйласа, кайрылып келбей калат деп коюшкан.
Жолго чыкканда артын кылчактап карабайт. Үйдөн чыкканда эч жерге кайрылбай, эки-жакты, артты кылчактап карабай түз кетиш керек. Болбосо жолу болбой калат деп коюшкан.
Алыскы сапардан кайтып келген адамды дароо үйгө киргизбейт. Үйгө киргизүүдөн мурун анын башынан чыныга куюлган сууну үч жолу тегеретип, түкүрткөн. Ал эми сууну сыртка чачып жиберип, идишин босогого көмкөрүп койгон.
Бышкан тамакты таштап кетпейт. Үйдөн чыгып жатканда үйдө тамак бышып жатса, шашып жатсаң да андан жок дегенде ооз тийип чыгуу керек. Элибизде "бышкан тамактын ниети жакшы", " тамактын кусуру урат" деген лакап кептер бар.