БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Борбор калаада унаа бир адамды сүзүп кеткенин Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя дүйшөмбүнүн таңында саат 4:30да Достук жана Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"Nissan X-Trail унаасынын айдоочусу бир кишини сүзүп алган. Ал ооруканага бара жаткан жолдо жан берген. Набыт болгон адам айдоочунун тууганы экен", — деп жазылат маалыматта.
Экспертиза айдоочунун мас абалда экенин аныктап, учурда тергөө амалдары башталды.