БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. АКШнын Жоржия штатындагы Атланта шаарында жайгашкан айланма ресторандагы стол менен дубалдын ортосуна кыпчылып калган беш жашар наристе чарчап калганын РИА Новости AJC гезитине шилтеме берип жазып чыкты.
Кырсык жума күнү кечинде болгон. Полиция ата-энеси менен тамактанууга келген Чарли Холт аттуу бала дасторкондон четтеп кеткенден кийин стол менен дубалдын ортосунда кыпчылып калганы айтты.
Маалыматка ылайык, айланып турган пол автоматтык түрдө токтоп, окуя болгон жерге коопсуздук кызматынын өкүлдөрү келген. Наристе ооруканага жеткирилгени менен башынан алган оор жаракатынан улам көз жумган.
Аталган ресторан учурда белгисиз убакытка чейин жабылды.