Жунус уулу Адыл: Жусуп Мамайдын ысымын Бишкектеги бир көчөгө ыйгаруу керек
Жусуп Мамайдын ысымын Бишкектеги бир көчөгө ыйгаруу керек. Аталган демилгени "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жунус уулу Адыл парламенттеги ар кандай маселелер каралып жаткан учурда билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, кийинки жылы улуу манасчынын 100 жылдыгы белгиленет.
"Кийинки жылы 20-21-кылымдын чыгаан манасчысы, дастанчы, биринчи даражадагы Манас орденинин ээси Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы белгиленет. Ошого байланыштуу Бишкектин бир көчөсүнө ысымын ыйгаруу менен эстелигин тургузуу керек", — деди депутат.
Жунус уулу өкмөт жер караштырып берсе, эстелик тургузууга жардам бере тургандар бар экенин кошумчалады.