Жусуптун атасы Мамай бардар, оокаты тың адамдардын бири болгон. Мамай аксакал Меккеге барып, Ажы да болуп келген. Жусуп Мамай кичинекейинен эле зирек, зээндүү болуп чоңойгон. Атасы Мамай аны алты жашында эле айылдагы Ыстам Кожо аттуу молдонун колуна кат үйрөтүүгө берет. Жусуп бат эле кат таанып, китеп окууга жетишкен.
Башка манасчылардай эле Жусуп Мамай да "Манас" айтып калышына аян берүү себеп болгондугун белгилейт.
Жусуп Мамайдын айтымында, эң алгачкы ирет ал он жашында Ырамандын Ырчы уулунан аян алат. Түшүндө жайдак буурул атка тердик салып минген кара чаар, оозу өтө эле чоң киши алдында пайда болот.
Жусуп атчан кишинин жанына барып, анын атынын суулугунан кармайт.
Ошондо кара чаар киши: "эй бала, жакшы билип ал, тээтигилерди көрдүңбү?" — дейт.
Жусуп ал көрсөткөн жакты караса, эки боз атчан киши жанаша турган экен, экөө тең кутпа жакты карап, ак чапанчан болуп турган, алардын артында дагы жанаша эки атчан киши турган экен.
Бирөөнүн мингени кара көк ат, бирөөнүн мингени сары ат экен. Алардын белдери курчалуу экен, эң арка жагында бир ачык кызыл ат минген киши турган имиш.
Ошондо баштапкы кара чаар чоң киши Жусупка кайрылып, атчан адамдарды тааныштырат:
Артына кылчайып карайын дегенчекти болбой, Жусуп ойгонуп кетсе, түш экен.
Баатырлар Жусупка аян бергендигин билгенден кийин атасы Мамай айылдагыларды чакырып, бир козу союп, элдин батасын алат.
Ошондо атасы уулуна:
"Манас деген тирүү олуя, жаш адам жакшы-жаман иштерге жолугат. Кырк жаштан өтмөйүнчө "Манас" айтпа", — деп акыл-насаатын айтат.
Атасынын сөзүнөн чыкпай, "Манасты" эл алдында айтпай жүргөнү менен, уктап жатканда түнү бою айтып чыккан учурлары көп болот.
Манасчынын айтымында, аны атасы молдого берип жатканда Балбай анын молдолукка үйрөнүшүнө каршы болгон. Анткени, ал зирек өсүп келе жаткан Жусуптун манасчы болушуна тымызын үмүт байлап калган эле.
Ошондуктан, Балбай Жусупту кийинчерээк молдолук окуусунан чыгарып алып, "Манастын" өзү жыйнаган варианттарын ырааты менен үйрөтө баштайт. Жусуп Балбай берген "Манастын" кол жазмаларын окуп, үйрөнүүгө жан дили менен киришет.
1932-жылы көктөм мезгили келип, ууз кымыз чыкканда, чогулган элдин өтүнүчү боюнча Жусуп өмүрүндө биринчи жолу "Манас" айтып берет. Жусуп 16 жашка келгенде, атасы Мамай дүйнөдөн кайтат.
Эки жылдан кийин 18 жаш курагында, кайсы бир отурушта Жумакун Мамбетакун манасчынын айтып жаткан "Алмамбеттин арманын" угуп, анын токтогон жеринен Жусуп чыдай албай улап айтып кирет да, "Алмамбеттин Көкчөгө баргандыгы" аттуу окуяны кошуп айтып бүтүрөт. Мына ошондон кийин гана Жусуп калайыкка атыгып, "Манасчы" деген атка конот.
1964-1966-жылдар аралыгында толуктоо максаты менен Жусуп Мамайдын вариантын жазып алуу үчүн экинчи ирет илимий экспедиция жиберилет.
Бул сапар манасчыдан 196 000 сап ыр кагазга түшүрүлөт.
Ал эми 1966-жылы Кытайда "Маданий революция" саясаты башталгандыктан, 1966-жылдан 1978-жылдын ноябрь айына чейин Жусуп Мамай саясый куугунтукка туш болот.
Манасчы үй-жайынан ажыратылып, борбордон алысыраак болгон "Ак-Булуң" деген айылга көчүрүлөт. Манасчынын оозунан жазылып алынган Манастын сегиз урпагынан турган материал Бээжинге жиберилет.
Бул каардуу жылдары Ак-Булуңда жатып тим болбостон, 1937-жылы атылып кеткен агасы Балбай учурунда айтып берген "Манастын урпактары тууралуу баянды" Жусуп Мамай өз алдынча кагазга түшүрө баштайт.
1978-жылы декабрь айында Жусуп Мамай Бээжин шаарына чакыртылып, ушуну менен үчүнчү сапар манасчынын вариантын кагазга түшүрүү иши колго алынат.
Ал эми 1964-жылы жазылып алынган материалдардын ичинен Жусуп Мамайдын "Семетей" гана бөлүгүнүн кол жазмасы калып, калганы дайынсыз табылбай калат.
Кайрадан башталган ишти Сакен Өмүр баштап, Асанбай Матим, Мамбетасан Эрги, Оргалча Кыдырбай, Толкун Турду, Токтобүбү Ызак тарабынан ишке ашырылып, манасчынын варианты боюнча Манастын сегиз урпагы кагазга түшөт, алар: Манас – 50 миң сап ыр, Семетей – 37 миң сап ыр, Сейтек – 25 миң сап ыр, Кененим – 34 миң сап ыр, Сейит – 11 миң сап ыр, Асылбача-Бекбача – 30 миң сап ыр, Сомбилек – 11 миң сап ыр, Чигитей – 12 миң сап ыр.
Кагазга түшүрүү иши 1983-жылга чейин жүргүзүлүп, аягына чыгат.
Бул мезгил аралыгында Жусуп Мамайдын 18 томдон жана 200 миңден ашуун ыр саптан турган варианты толугу менен кагаз бетине жазылып алынат.
1984-жылы манасчынын варианты боюнча "Манас" бөлүгү китеп болуп араб арибинде жарык көрөт.
Мындан тышкары "Эр Төштүк", "Курманбек", "Толтой", "Көбөк", "Мамаке-Шопок", "Жаңыл-Мырза", "Тутан" сыяктуу кенже эпосторду да жакшы билет.
Кыргызстанга бир нече ирет келген
1989-жылы кулжа (июнь) айынын үчүндө Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын уюштуруу жыйынына жазуучу Түгөлбай Сыдыкбек уулу экөө сый конок катары катышкан. 1995-жылы Кыргызстандагы "Манас" дастанынын шарттуу миң жылдык мааракесине катышкан.
Кыргызстандык бедизчи Тургунбай Садыков анын айкелин жасаган.
Жусуп Мамай 1990-жылы Үрүмчү шаарында өткөрүлгөн "Манас" эпосу боюнча Эл аралык илимий конференциянын катышуучусу болот.
Кыргызстанга манасчы биринчи ирет 1992-жылы манасчы Сагымбай Орозбаковдун 125 жылдык мааракесине, экинчи жолу 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдык мааракесине ардактуу конок катары чакыртылат.
Сыйлыктары. Кытайдын эң жогорку сыйлыктарынын бири — "Тоо Гүлү" сыйлыгына эки жолу татыган. Кыргыз эл артисти наамын алган. Биринчи даражадагы Манас ордени менен сыйланган.
Бирок наамдын ээси бул кабар тууралуу укканы менен, жогорку сыйлыкты кабыл алууга жетишкен жок.
2014-жылдын кулжа (июнь) айынын биринде таңга маал Жусуп Мамай Кытайдагы Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Ак-Чий кыштагындагы ооруканада оорунун айынан кайтыш болду.
Анын сөөгү 2014-жылдын 2-июнунда Ак-Чийде жерге берилди.