БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Россиянын Ленинград облусунун Тосненск районунун аймагында катталган жол кырсыктан төрт кыргызстандык жабыркаганын Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жума күнү аталган аймакта фура менен микроавтобус кагышканы маалым болгон. Элчилик жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар бар экенин айтканы менен, алардын саны белгисиз болчу.
Учурда Ленинград облусунун администрациясы кырсык боюнча толук маалыматты элчиликке берди.
Жалпы 18 адам жабыр тарткан. Алардын төртөө кыргызстандык болуп чыгып, үчөө ооруканага, бирөө үйүнө кое берилген.
Учурда окуяга элчилик көз салууда.