БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Россиянын Ленинград облусунун Тосно районунун аймагында фура менен микроавтобус кагышты. Жол кырсыгына кабылгандардын арасында Кыргызстандын жарандары бар экенин Россиядагы КР элчилиги билдирди.
Учурда элчиликтин өкүлдөрү Ленинград облусунун администрациясы менен байланышып, кырсыктын чоо-жайын тактоодо.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 14-апрелде болгон.
Ал эми РИА Новости жол коопсуздугу боюнча аймактык инспекцияга таянуу менен жол кырсыгы эртең менен Павлово —Любань — Оредеж — Луга жол каттамында болгонун, анда "Форд Транзит" менен КАМАЗ кагышканын билдирди. Алдын ала маалымат боюнча жол кырсыгынан 15 киши жаракат алып, анын бешөө оор абалда.