БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева баласын эмизип, автоунаада бара жаткан сүрөтүн коюп, ошол учурдагы сезимдерин жазды.
Жаш эне баласын бооруна кысып, эмизип бара жаткандагы сезимдерин сүрөттөп, тамгага түшүрүп калып жатканын кыстара кетиптир.
"Денеңди белгисиз сезимдер бийлеп, терметип алгандай. Дабышы жок, бирде сезилип, бирде сезилбейт. Кызыктай бир абал. Сен аны карай бересиң, карай бересиң… "Бул өзү эмне?", — деген саптарды жазган.
Ошол кездеги ирмемдерди сүрөттөп,бөбөктүн ар бир абалын, кыймылын, ал тургай энесинин сүтүн акырын жутуп жатканын эбедейи элжиреп сүрөттөгөн.
Белгилей кетсек, Шагиева 20-мартта көз жарып, ымыркайга Таир ысымын ыйгарган. Атамбаевдин кызы былтыр Константин Рязанов аттуу жигитке турмушка чыккан.