БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы жол кырсыктан кийинки абалдын видеосун Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp каналына күбө жиберди.
Кечээ, 8-апрелде Кемин районунда үч жеңил унаа кагышып, беш адам каза болгон. Түрдүү жаракат алган төрт киши Токмок шаардык ооруканага жеткирилген. Кырсыктын кесепетинен эки автоунаа күйүп кеткен.
Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болуп, сүрөт, видео тартсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин 0706 566 544 WhatsApp номери аркылуу билдириңиз.