Болгарияда кыргызстандык балбандар эки күмүш, бир коло тагынышты

© Фото / United World WrestlingКыргызстандык грек-рим күрөшү бонча балбан Руслан Царев. Архив
Кыргызстандык грек-рим күрөшү бонча балбан Руслан Царев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Болгарияда өтүп жаткан эл аралык турнирге кыргызстандык 13 спортчу катышууда.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Болгариядагы эл аралык турнирде кыргызстандык балбандар үч медалга ээ болушту. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясынан кабарлашты.

Олимпийские игры в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Сүйүнчү! Кыргызстан дагы бир Олимпиада медалына ээ болду
Маалыматка ылайык, грек-рим күрөшү боюнча "Dan Kolov & Nikola Petrov" эл аралык турнири 8-апрелде Болгарияда башталган. Анда кыргызстандык Руслан Царёв менен Узур Жузупбеков күмүш жана Нургазы Асангулов коло медаль тагынышты.

Аталган мелдешке өлкө намысын коргоого 13 спортчу катышууда, турнир 9-апрелде жыйынтыкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0