БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Чуй менен Таласта күндүн табы 23 градуска чейин көтөрүлөт. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында 25 градус жылуу болушу божомолдонууда. Ысык-Көл, Нарында 16 градуска чейин жылуу болот.
Бишкекте 24, Ош шаарында 23 градус жылуу болот.