БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Эртең, 7-апрель күнү, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүйдө 6…11 градуска чейин жогоруласа, Таласта 10 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күндүн табы 14 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдө 2…7, ал эми Нарында 1…6 градуска чейин жылуу болот.
Бишкекте 10, Ош шаарында 12 градус жылуу болушу божомолдонууда.