БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Эртең, 4-апрелде, саат 9.00дөн 20.00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда муздак суу токтотуларын "Бишкексууканал" башкармалыгы маалымдады.
Билдирмеге ылайык, "Батыш" суу тосмосундагы оңдоо иштерине байланыштуу Садыгалиев, Фрунзе, Профсоюз көчөлөрүнүн темир жол менен чектешкен аймактарда суу токтотулат. Ошондой эле Кызыл-Аскер, 110-квартал жана "Достук" кичи районунда дагы муздак суу өчүрүлөрү маалымдалган.
"Бишкексууканал" башкармалыгы шаар тургундарын алдын ала суу камдап алууга чакырат.