БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Нарын шаарына кирчү жаңы унаа жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдун 1,5-2 чакырымында кардын эриши менен таш кулоо кооптуулугу жаралгандыктан улам жол жабылган. Учурда унаа каттамы эски жол аркылуу жүрүүдө.
Аталган унаа жолду жабуу чечими коопсуздукту сактоо максатында чыгарылган.