БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Боом капчыгайында жоголгон беш жашар кыздын сөөгү ошол аймактагы суу жээгинен табылды. Бул туурасында Чүй облусунун ИИББинен кабарлашты.
Буга чейинки маалыматта кызды Бишкек — Торугарт унаа жолунун боюнда жайгашкан кафеде 7-март күнү эртең мененки саат 07:00 чамасынан таппай калышкандыгы айтылган. Милиция алгач баланы уурдап кетишти деген версияны айткан.
Бүгүн, 26-мартта, кыздын сөөгүн жоголгон жерден алыс эмес суунун жээгинен табышкан.
"Кыязы, бала үйүнө кетип бара жатып, сууга түшүп кеткен окшойт", — деп айтылат маалыматта.
Учурда экспертиза дайындалып, иликтөө иштери башталды.