Чүй: таякесине ташталган беш жашар кыз жоголду

© Sputnik / Табылды КадырбековТелефон кармап турган кыз. Архив
Телефон кармап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кичинекей кызды издөө иштери улантылууда.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Ысык-Ата районунун Ивановка айылында беш жашар кыз жоголду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта кызды Бишкек-Торугарт унаа жолунун боюнда жайгашкан кафеде 7-март күнү эртең мененки саат 07:00 чамасынан таппай калышкандыгы айтылат.

"Апасы беш жашар кызын кафе иштеткен таякесине таштап кеткен. Бир сааттан кийин келип,кызын таппай калышкан. Бир күн издеп, майнап чыкпаган соң куткаруучуларга кайрылышкан", — деп жазылат маалыматта.

Учурда кызды издөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0