БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кечээ кечинде Бишкек шаарынан жалпысынан 4,5 миң куб метр таштанды чыгарылган. Бул тууралуу "Тазалык" муниципалдык ишканасы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
21-март күнү Ноорузга карата Бишкек шаарында бир катар майрамдык иш-чара өткөрүлгөн.
"Кечээ жалпы шаар ичинен 4500 куб метр таштанды чыгарылды. Мындай күндөрү 3200 куб метр таштанды чыгарылчу. Ал эми борбордук аянттан 30 куб метр таштанды чогултулган", — дешти "Тазалыктан".
Шаарды тазалоо иштери таң атканча уланган.