БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Африкалык футболчу Мохаммед Анастын оюндан кийинки ВВС каналына берген түз эфирдеги маеги көп чырдын башы болгону калды окшойт.
Бир эле оюнда эки ирет гол киргизген клубдун чабуулчусу интервью берип жатып ага колдоо көрсөткөн келинчеги менен ойношуна ыраазычылык билдирди. Бир нече ирмемден кийин эле эсине келе калып, спортчу "ыраазычылык жубайына гана арналарын" айткыча шашкан.
"Африкалык футболчунун кубанычында чек жок эле, мындан улам түз эфирден аялы менен "курбу кызына" рахмат айтып жиберди. Бирок кийин сөзүн оңдоп кетти", — дейт телеканал.
"Үй бүлөм кызымды "досум" деп айтарымды билет. Демек, менин сөзүмдүн чыныгы маанисин туура түшүндү. Менин эч кандай ойношум жок", — деди футболчу.
Анастын үйлөнгөнүнө быйыл жети жыл толот. Анын эки баласы бар.