БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Мирбек Касымкулов кызматынан бошотулуп, Кыргызстандын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-март күнү, кол койгон.
Эскерте кетсек, Касымкулов Чек ара кызматына чейин Улуттук гвардияны жетектеп келген.