Садык Шер-Нияз: "Манасты" тартуу үчүн 2 миллион доллар чогултуу зарыл
"Манас" эпосун экрандаштырууга эки миллион доллар керектиги тууралуу аны тартууну демилгелеген режиссер жана ЖК депутаты Садык Шер-Нияз Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
"Манасты" тартууга жок эле дегенде эки миллион доллар керек, ансыз тартуунун зарылдыгы жок. "Бирок азыр мамлекетте бюджет тартыш болуп турат. Элдин ичинен чыккан эр азаматтар менен сүйлөшүп көрсөм, колдоого алгандар болуп жатат. Бирок бул акчаны топтоого бир жылдай убакыт талап кылынышы мүмкүн. Каражат берүүгө даярдыгын айткан адамдар бар, бирок аттарын атабай турайын", — деди режиссер.
Анын айтымында, тасмага жетпей калган каражатты прокат менен жаап коюу мүмкүнчүлүгү бар.