БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү кар жаай турганын Кыргызгидрометтен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында күн ачык болот.
Ошто 6, Бишкек шаарында 3 градус жылуу болушу күтүлөт.