БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Жекшембиде түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.
Бишкек шаарында 4-7 градус жылуу болот.