Кыргызстандык дзюдочу балдар Алматадагы эл аралык турнирде күч сынашат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүДзюдочу. Архив
Дзюдочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык мелдеште өлкө намысын 16-17 жаштагы алты спортчу коргойт.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандык өспүрүм дзюдочулар Казакстандагы эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, турнир 10-марттан 13-мартка чейин Алмата шаарында өтөт. Анда өлкө намысын 16-17 жаштагы алты спортчу коргойт.

Аталган мелдешке спортчуларды катыштыруу үчүн 99 миң сом бөлүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0