БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бишкектин айрым көчөлөрү 6-7-мартта убактылуу жабыларын Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы билдирди.
Бул күндөрү Бишкекте ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин премьер-министрлеринин жыйыны өтөт.
Убактылуу чектөө Фучик, Абдрахманов, Фрунзе көчөлөрүнө жана Жибек Жолу, Чүй, Манас, Чыңгыз Айтматов проспектилерине киргизилет.