БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү жол кырсыгына кабылган унаа Кыргызстандагы Франция элчилигине таандык экенин Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева Facebook баракчасына жарыялады.
Эскерте кетсек, 2-март күнү Айтматов көчөсүндө, болжол менен “Ак-Кеме” мейманканасынын аймагында Mercedes-Benz унаасы дипломатиялык номер тагылган Toyota Land Cruiser менен кагыша кеткен.
"18 001 номерлүү унаа Франция элчилигине тиешелүү", — деп жазган Кулукеева.
Буга чейин Кайгуул милициясы жол кырсыгынан эч ким жабыркабаганын билдирген.
Учурда техникалык экспертиза дайындалып, милиция окуянын чоо-жайын тактап жатат.