Бишкекте дипломатиялык номер тагылган автоунаа эки машина менен кагышты

© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуБишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы проспектидеги жол кырсык
Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы проспектидеги жол кырсык - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча жол кырсыгына кабылган машина кайсы элчиликке таандык экени такталууда.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы проспектиде дипломатиялык номер тагылган автоунаа эки машина менен кагышкан. Бул тууралуу окуяга күбө болгон жаран Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди.

Анын айтымында, окуя 2-мартта саат 18:00дөр чамасында болгон.

"Жол кырсыгы мен барганга чейин эле болуптур. Окуя болгон жерде Тез жардам менен Кайгуул милициясы иштеп жатыптыр. Дарыгерлер адам өмүрүнө зыян келбегендигин айтышты", — деди күбө.

Ал ошондой эле кырсык болгон учурда жолдор тайгалак болуп калганын баса белгиледи.

© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуБишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы проспектидеги жол кырсык
Тройное ДТП с участием машины с дипломатическими номерами на проспекте Чингиза Айтматова - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы проспектидеги жол кырсык

Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясы жол кырсыгы болгонун тастыктап, анын чоо-жайы иликтенип жатканын маалымдашты.

Азырынча жол кырсыгына кабылган машина кайсы элчиликке таандык экени такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0