БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келишине карата Бишкектин айрым көчөлөрү жабыларын калаа мэриясынан кабарлашты.
Владимир Путин Кыргызстанга иш сапары менен эртең 28-февралда келет. Буга ылайык саат 11.00дөн 20.00гө чейин бир катар көчөлөргө чектөөлөр киргизилет.
Убактылуу чектөө коюла турган көчөлөр:
- Фучик көчөсү (шаарга кире бериштен тарта Жибек Жолу проспектисине чейин)
- Жибек Жолу проспектиси (Чыгышка карай Фучиктен Жаш Гвардия бульварына чейин)
- Жаш Гвардия бульвары (Жибек Жолу проспектисинен Чүйгө чейин)
- Чүй проспектиси (Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин, андан ары Фрунзеге чейин)
- Манас проспектиси (Өйдө карай мамлекеттик резиденцияга чейин)
Ошондой эле Hayatt мейманканасынын тегереги көзөмөлдө болот.
Бишкек мэриясы айдоочулардан кырдаалды туура түшүнүү менен кабыл алууну суранып, көздөгөн жерге жетүү үчүн башка ыңгайлуу жолдорду тандоону сунуштайт.