00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Земля на пределе: почему пахотные гектары Кыргызстана стремительно превращаются в пустыню?
08:05
44 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:08
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Личный интерес
ЭкоФест Чон-Кемин: почему судьба планеты теперь в руках молодых активистов
16:05
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Шанс на жизнь: как новая система экстренной помощи будет спасать кыргызстанцев при инфарктах
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Доктора для почв: как учат кыргызских аграриев лечить «уставшую» землю
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Башкы прокуратура Текебаевге козголгон кылмыш иштин чоо-жайын түшүндүрүп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өмүрбек Текебаевди сот жоопкерчилигине тартуу өтүнүчү менен УКМКга Россинын телекоммуникациялык компанияларынын ээси Леонид Маевский кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, Текебаев MegaCom компаниясын алууга жардам берем деп ишкерден бир миллион доллар алган.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бүгүн, 25-февраль күнү, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн 303 ("Коррупция") жана 166-беренелеринин ("Алдамчылык") негизинде кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.

Иш УКМК тарабынан түшкөн материалдарды иликтөөнүн негизинде козголду. Атайын кызматка Текебаевди сот жоопкерчилигине тартуу өтүнүчү менен Россинын телекоммуникациялык компанияларынын ээси Леонид Маевский кайрылган.

"Арызда Маевский Текебаев 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн төрага орун басары болуп турганда андан бир миллион доллар алганын жазган. Мында Текебаев Маевский үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берүү милдетин алган", — деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө айтылгандай, алгач "Альфа Телеком" ЖАКтын башкармалыгына киргизүү, андан соң Маевскийге аталган уюлдук компаниянын акцияларын сатуу убадаланган. Мында Текебаев саясий жактан колдоо көрсөтүп, жалпы сумманын 10дон 15 пайызга чейинки акчасын алмак. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү моюндаган милдетин аткарбай, опузалап коркутуу менен алган акчасын кайтарган эмес.

Жогорку Кеңештеги Ата Мекен фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун архвидик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Алмамбет Шыкмаматов УКМКга сурак берип чыкты
"Маевский өзүнүн сөзү менен "Ата Мекен" партиясынын мурунку мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов менен "Пенвел"компаниясынын өкүлү Раушан Рыкунованын буга чейин Текебаев менен анын айланасындагылардын "Альфа телеком" компаниясынын акцияларына байланыштуу мыйзамсыз аракеттери жөнүндө бир нече ирет айткандарын тастыктап берет", — деп айтылат билдирүүдө.

Кылмыш ишти иликтөө УКМКнын Тергөө башкармалыгына жүктөлдү. 

Текебаев менен азырынча байланышууга мүмкүн болбой жатат. Бирок "Ата Мекен" партиясынын катчылыгы кылмыш иши тууралуу эч кандай маалымат түшпөгөнүн, партия лидери азыр Венада экенин билдирди. Текебаев ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын сессиясына катышуу үчүн кыргызстандык делегацияны жетектеп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0