БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Бишкек шаарында мыйзамсыз орнотулган 50дөй жарнама такталары алынууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-февралда Свердлов районунда жол боюнда мыйзамсыз орнотулган 50дөй жарнама тактасы алынган. Ал эми бүгүн Абдрахманов, Москва, Сүйүнбаев, Курманжан датка, Ибраимов, Шопоков көчөлөрүндө жана Чүй простектисиндеги жарнамалар алынат.
Шаардык бийлик ошондой калаанын көркүн бузган жарнамаларды алуу иши мындан ары дагы улантыларын кошумчалайт.