БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Бишкектеги автоматташтырылган унаа токтотуучу жайлардын баасы 30-40 сомду түзөт. Бул тууралуу тендер жеңүүчүсүнүн өкүлү Самат Сакбаев Sputnik Кыргызстан агенттигинде болгон маалымат жыйында билдирди.
"Бишкектеги автоматташтырылган ачык паркинг" долбоору мэрия тарабынан сунушталып, шаар жолдорундагы автоунаалардын токтоосун жеңилдетүү үчүн демилгеленген. Конкурстун комиссиясы паркинг боло турчу жерди аныктады. Автоматташтырылган унаа токтотуучу жайлар Шопоков көчөсүндө, Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө болот.
Бөлүнгөн жайга автоматташтырылган жабдуулар орнотулат.
"Баасы азыр чечилип жатат, болжол менен күнү-түнү 30-40 сомду түзөт", — деди Сакбаев.
Бишкек мэриясынын алдындагы Муниципалдык базар, парк жана унаа токтотуучу жайлар дирекциясынын башчысы Рустам Алиев долбоор эки этап менен ишке ашарын айтты.
© пресс-служба мэрии города БишкекТендер жеңүүчүсүнүн өкүлү Самат Сакбаев
Тендер жеңүүчүсүнүн өкүлү Самат Сакбаев
"Башында кишилер иштеп, каттоо үчүн уюлдук планшеттерди колдонот. Экинчи этабында атайын паркомат (автоматтар — авт.) орнотулат", — деди ал.
Алиев иштер апрель айында аяктарын билдирди.