БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бишкектин айрым райондорунда тогуз күнгө чейин газ берүү убактылуу токтотуларын "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, көгүлтүр от Кара-Жыгач, БЧК аймактарында жана Махатма Ганди, Ак-Тилек, Мыскал, Сейил, Пригородная, Малышева, Күрөнкеев көчөлөрүндө өчүрүлөт.
"Аталган аймактарда газ 14-22-февраль аралыгында берилбейт", — деп айтылат маалыматта.
Ишкана көгүлтүр от берүү оңдоо иштерине байланыштуу токтотуларын белгиледи.