БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Бишкектен кармалганын шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.
Талас облусунун 31 жаштагы тургунун Бишкек ШИИБдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери кармаган.
Милиция кызматкерлери борбор калаадагы Скрябин атындагы көчөдөгү үйлөрдүн биринин маңдайында турган BMW-735 үлгүсүндөгү машинаны тинтүүгө алышкан. Анын ичинен Макаров үлгүсүндөгү тапанча төрт огу менен табылган. Ошондой эле кармалган жарандын чөнтөгүнөн 7 грамм нашаа табылган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.