БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Акын Бурулкан Карагулованын "Көздөгү жалын" аттуу поэзия кечеси болот. Бул туурасында Роза Отунбаеванын демилгелери эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.
Поэзия ышкыбоздору бул майрамга 17-февралда Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында күбө болот.
Карагулова "Кыял кемеси", "Көкүрөгүң жыттап алдым билгизбей", "Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө", "Селсаяк", "Мен сүйүүнүн доктору", "Көздөгү жалын" ыр китептеринин автору. Аталган фондудан жакында акындын "Лирикалар" ыр жыйнагы жарык көрөрүн билдиришти.